www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Митингге чыккандарга суу чачылды

Тбилисиде парламенттин алдында митингге чыккандарга грузиялык спецназ суу чачканын чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, бул окуя Грузиянын борборунда миңге жакын адам шайлоо системасынын реформасын талап кылып митингге чыккандан бир нече сааттан кийин болгон. Полиция бир катар активисттерди кармаган. 

Митингчилерди сүрүп чыгарууда көптөгөн адам жаракат алган. Грузиянын ИИМи митингчилерди парламенттин айланасындагы көчөлөрдөн сүрүп чыгарышкан. Парламенттин алдындагы биринчи митинг 18-ноябрда болгон. Анда дагы акцияны ИИМ күч колдонуп таркаткан.  

Оппозициянын лидерлеринин бири Григорий Вашадзенин айтымында, полиция кармагандардын арасында оппозициячыл саясатчы да бар жана ал Михаил Саакашвилинин “Бириккен улуттук кыймыл” партиясынын лидерлеринин бири болушу мүмкүн. 

Ошондой эле митингдин катышуучуларынын бири кайра нааразычылык акциясына чыгышаарын билдирген. 

14-ноябрда Грузиянын парламентинде шайлоо системасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү карап чыгышкан. Мыйзам долбоору зарыл болгон добуш ала албай калган, ошондон улам нааразычылык пайда болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости