www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын запасынын наркы 1-ноябрга карата дээрлик 48,2 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылды. Туура бир жыл мурда бул көрсөткүч 27,6 миллиард сом болчу. Негизинен алтындын запасы акыркы жылдары тездик менен көбөйө баштады. Мисалы, 2017-жылы февралда 11,8 миллиард сомду түзүп, кнйин ай сайын жаңы рекорддор жаралып келди. Акыркы ирет эң жогорку баа ушул жылдын июль айында катталып, 41,6 миллиард сомго жеткен. Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Резерв ондон ашык валютадан жана алтындан турат.

Булак: Мантыш

Последние новости