www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл сайын «Чыңгыз Айтматов атындагы адабий сыйлык» шериктештиктеги атагы алыска кеткен таанымал акын-жазуучуларга тапшырылып келет. Бул жолу аталган сыйлык Парламенттер аралык ассамблеянын токтому менен Тажикстандын Эл акыны, Абуабдулло Рудаки атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Гоиб Мухаммадга ыйгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Сыйлык тапшыруу учурунда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева:

-Бул бийик даражалуу сыйлык биздин лауреаттардын таланты менен чыгармачылык жетишкендиктерин белгилөө эле эмес, шериктештиктеги элдердин достугун бекемдөөгө кошуп жаткан жеке салымдары үчүн ыраазычылык десек да болот, - деп белгиледи.

Ден соолугуна байланыштуу Санкт-Петер-бургга келе албаган Гоиб Мухаммаддин «Айтматов атындагы адабий сыйлыктын» ардак күбөлүгү, сыйлык менен кошо бериле турган 30 миң доллардын сертификаты Тажикстандын Межлисинин төрагасы Махмасаид Убайдуллоевге аманат катары тапшырылды.

Булак: Мантыш

Последние новости