www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү  Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча бөлүмүнүн аймактык бөлүмү менен  биргеликте 2018-жылдын октябрь айынын аягында Кыргыз Республикасынын  жасалма паспортун колдонуп жүргөн фактыны аныкташкан. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билидрет.

Коңшу республиканын Б.А. аттуу жараны сыйлык үчүн жасалма документ  жасатуу максатында такталбаган жактар менен сүйлөшүп алып,  өзүнүн атына  паспорт алып, Россия Федерациясынын аймагында колдонуп жүргөн. Аталган факты боюнча топтолгон материалдар ИИМдин Бөлүмүнүн аймактык  бөлүмүндө кылмыштар боюнча маалыматтарды каттоо китебинде катталган. Эксперттик борбор берген тактамага ылайык паспорт атайын технологиянын  жардамы менен жасалгандыгы жана Б.А. аттуу жарандын иш-аракетинде  кылмыштын белгилери бар экендиги байкалган.

Жогорудагы факты боюнча Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин  327-беренесинин 3-бөлүмү (жасалма документтерди колдонуу) менен кылмыш  иши козголгон.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жаранынын жасалма паспортун  даярдоого тиешеси барлардын өзүдүгү аныктоо боюнча ыкчам-издөө жана  тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости