www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн кийлигүүшүсү менен Кыргызстандын аймагында жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1987-жылы туулган Ж.И. аттуу тургуну Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүндө (алдамчылык, ири көлөмдөгү зыянга учуратуу) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандыгы үчүн тергөө
органдарынан качып жүргөн. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2014-жылы апрель айында жабырлануучунун баасы 419 миң сомдук 2003-жылы чыккан “Субару-Форестер” үлгүсүндөгү автоунаасын 2015-жылы февраль айында толук төлөп берем деп ижарага алган.
Андан соң, автоунаанын ээси менен макулдашпастан башка жак менен сүйлөшүп алып, ойдон чыгарылган жеке нотариус аркылуу өзүнүн атына жасалма башкы ишеним катын жасап алган. Ал эми автоунааны үчүнчү жакка сатып, акча каражатын болсо өзү ээлеп алып, жашырынып жүргөн. Ушунун негизинде жабырлануучуга ири суммадагы зыянга учураткан. Кармалган жаран абакка камалып, издөө салган тарап маалымдалды. Азыркы учурда 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык кармалган жаранды өз
өлкөсүнө кайтаруу боюнча маселелер чечилип жатат.
Булак: NazarNews.kg