www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркестандын 17 жаштагы тургуну жакындары тарабынан зордуктоого кабылган. Ал бул жөнүндө 3 жыл өткөн соң жар салды.

Ал кезде мектеп окуучусу болгон жаш жигит ал күндү төмөнкүчө эскерет:

Мас болуп калган бала ал күнү эмне болгону такыр эсинде жок. Бирок ал эсине келгенде жанында чогуу эс алган достору "кечинде эмне болгонун билесиңби?"- деп мазакташат. Эч нерсени түшүнбөй турган окуучуга бизде сага карата чоң сыр бар, биз сени зордуктап видеого тартып алдык деп мазактайт.

Ошол күндөн тарта анын жашоосу тозокко айланат, ата-энең, айылдагылар билбесин десең бизге "ооз басырык" кылып биз айткан убакта акча алып келип берип турасың деп коркуткан. Баарына макул болгон бала 3 жыл бою алар айткан суммадагы акчаны таап төлөп, карызга белчесинен батып калат.

Бирок ошол эле учурда болгон окуя ата-энесине, айылдаштарына угулат. Ошондо ал шаарга качып кетүүнү туура көрүп, шаарга келип милицияга арыз жазат. Баланын айтуусунда аны зордуктагандардын бири укук коргоо тармагында иштесе, экинчиси депутаттын тууганы болот. Аларга карата козголгон кылмыш иши от өчкөндөй эле жалп өчүп калганы, ошол эле маалда күнөөлүүлөр эркиндикте жүргөнү жаш жигитке тынчтык бербей келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости