www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фергана облусунда 12 жаштагы кызга жыныстык катнашка барууну сунуштаган 42 жаштагы музыка мугалими 15 суткага административдик камакка алынды.

Ал Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекстин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Соттун материалдарына ылайык, 24-майда Фергана облусуна караштуу Өзбекстан районундагы мектептердин биринин мугалими «12 жаштагы окуучусуна жыныстык катнашка барууну сунуштаган кат жазган».

«Музыка мугалими кызга кат жазып, жаман сөздөр менен жыныстык катнашка барууну сунуштаган. Кыз ал катты ата-энесине көрсөтүп, алар укук коргоо органдарына кайрылышкан. Мугалим ошол эле күнү дароо иштен алынган. Кыздын ата-энеси аны издеп барганда ал үйүнөн качып кетиптир. 30-июнда гана колго түштү», – деди облустун юстиция системасында иштеген аткаминерлердин бири.

Ал кыздын жакындары соттун чечимин өтө терс кабыл алганын кошумчалады.

«Райондогу мектептердин биринде бачабаз иштеп жүргөнү тууралуу жаңылык кыздын жакындарын гана эмес, башка ата-энелерди да чочутту. Алар кылмышкерге жеңил жаза берилгенине кыжырданып жатышат. Сот өкүмү окулгандан кийин кыздын туугандары чыр чыгарышты. Ал мугалим 15 суткадан кийин эркиндикке чыгып, бир жыл өткөн соң кайра билим берүү системасында мугалим болуп иштей алат. Соттун чечиминде буга тоскоолдук кыла турган бир да сөз жок», – деди ал.

Окуя менен жакындан тааныш жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн бири сот мындай чечим кабыл алууда «мугалим кызга тийбегенин, аны кучактап, өппөгөнүн, болгону кат гана жазганын» эске алганын билдирди.

«Соттун материалдарына далил катары мугалимдин кызга жазган каты тиркелген. Бирок Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, жыныстык катнашка барууну сунуштоо кылмыш болуп эсептелбейт. Ал эми жашы жете электерге асылуу үчүн 15 суткага камакка алуу жазасы каралган», – деди ал.

Бирок айрым жергиликтүү адвокаттар мугалимдин ишин «Кылмышка даярдык көрүү», «Жыныстык катнашка барууга мажбурлоо» жана «Эрезеге жете электерге ыпылас мамиле жасоо» беренелери боюнча караса болорун билдиришүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости