www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер комитети 6-июндагы жыйынында "Прокуратура тууралуу" конституциялык мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоорду биринчи окууда карап, аны көпчүлүк добуш менен кабыл алды.

Документти Финансы министирлиги даярдаган жана негиздемесинде ал президенттин тапшырмасы менен иштелип чыкканы көрсөтүлгөн. Анда укук коргоо органдарынын кызматкерлери милдеттерин аткарып жатып курман болгон же майыптык алган учурда алардын үй-бүлөлөрүнө бир жолу төлөнчү жөлөкпулдун суммасын кыскартуу каралган. Мунун максаты өлкөнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу экени негиздеме көрсөтүлөт.

Иштеп жаткан мыйзамга ылайык, прокурор жана тергөөчү иш учурунда каза болгон маалда анын үй-бүлөсүнө кызматкердин 20 жылдык эмгек акысына тең компенсация төлөнөт. Жаңы документте маркумдун жакындарына кызматкердин 20 айлык эмгек акысына тете кенемте берүү сунушталып жатат.

Кызматкер I топтогу майып болуп калса мурда 10 жылдык эмгек акысы төлөнчү, жаңы мыйзамда көрсөтүлгөндөй ага 10 айлык маянасы топтолуп бир берилет. II топтогу майып болуп калган кызматкер буга чейин 8 жылдык маянасын алса, эми 8 айлык маянасын чогултуп жөлөкпул катары алат. III топтогу майып болуп калган укук коргоо кызматкерге 5 жылдык маянанын ордуна 5 айлык маянасы колуна тийет.

Өткөн айда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети Чаткал районунун иш учурунда каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом кенемте төлөп берүү боюнча өкмөттүн сунушун колдогон жана бул коомчулукта талаш-талкуу жараткан. Жанузаков былтыр июлда жол кырсыгынан каза болгон.

Депутаттар кызмат учурунда каза тапкан прокурорлорго бериле турган кенемте өтө эле көп экенин айтып, мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүшкөн. 

Айтмакчы, дал эле ушундай сотторго байланыштуу кенемте жөлөкпулдун өлчөмүн азайтуу тууралуу мыйзам долбоору дагы биринчи окуудан өттү.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости