www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште тамеки буюмдарынын бардык түрүнө каршы күрөшүү чараларын күчөтүү жана мыйзамдык актынын ченемдерин жакшыртууга багытталган «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөдөн жана айлана-чөйрөдөгү тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндо» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар тобу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечилердин бири Айнуру Алтыбаеванын айтымында, жаңы долбоор 100 пайыз тамекинин түтүнү жок аймакты түзүүнү караштырат, башкача айтканда, турак жайлардан сырткары, өлкө аймагындагы бардык коомдук жайларда, иш орундарда, анын ичинде коомдук транспортто, тамактануу жайларында тамеки чегүүгө толук тыюу салуу демилгеси сунушталууда. “Ошондой эле, мыйзам долбоорунда калян менен насвайга каршы чаралар да камтылган”, - деп кошумчалады баяндамачы.

Мыйзам долбоордо сунушталган бардык комплекстүү чараларды бир мезгилде ишке ашыруу келечекте тамеки керектөөнү 30 пайызга кыскартууга алып келет. Мындай жагдай өлүмдөрдүн деңгээлин кыйла төмөндөтүп, мамлекетке тамекиге байланыштуу оорулардан болгон өлүмдөрдү жана ооруларга эрте чалдыгуулардан убактылуу эмгекке жарамсыздык, майыптык боюнча жөлөкпул төлөөгө жана стационарда дарылоого бөлүп берген 30-50 пайызга чейин сактап калууга көмөктөшөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости