www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
КР Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров бир катар себептерден жана калктын даяр эместигин эске алуу менен, мыйзам долбоору аркылуу декларациялоонун мөөнөтүн узартуу жана айрым категориядагы жактар үчүн этап-этабы менен киргизүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатканын белгиледи.
Мыйзам долбоору менен төмөнкүдөй түзөтүүлөр сунушталууда:
I. Биринчи этапта 2021-жылдан тартып мезгил үчүн бирдиктүү салык деклерациясын (БСД) милдеттүү тапшыруу боюнча талаптар төмөнкүлөр үчүн жайылтылат:
- аткаруу-тескөө иш-милдеттери менен байланышпаган илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча жана башка иштерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын караштуулугунда турган органдардын, мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлерине жана кызматчыларына;
- мамлекеттик органдарда, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда жана уюмдарда, ошондой эле мамлекеттин катышуу үлүшүндөгү уюмдарда эмгектенген кызматкерлерге;
- эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган жеке жактарга;
- менчик укугун же мүлккө башка укук алууга багытталган салык мезгилинде 3000 эселенген эсептик көрсөткүчтөн ашык өлчөмдөгү суммада бир жолку чыгашаларды тарткан жеке жактарга;
II. Экинчи этап 2023-жылдан тартып салык мезгили үчүн салык салуу кирешесин алган жеке адамдарга;
III. Учүнчү этап 2025-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинде көрсөтүлгөн бардык категорияларга жана адамдарга.
Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.
Булак: NazarNews.kg