www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты, “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов 3-декабрда кытайлык ишкер Айеркен Сайимаитинин ишине байланыштуу Улуттук коопсуздук кызматына сурак берип чыкты.
Анын сурактан кийин журналисттерге берген маегинде кыскача гана Түркияда атып өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Сайимаити тууралуу суроолорго жооп бергенин билдирди.
«Мен аны менен мындан 10 жыл мурун Кара-Суудагы “Туратали” базарында катардагы соодагер катары таанышканымды айттым. Ал эми ишкер Хабибулла Абдыкадыр менен тааныштыгым жок. Муну да айттым», - деген Сулайманов калган маалыматтарды мыйзамга ылайык айта албасын кошумчалайт.
Депутат Алтынбек Сулайманов криминалдык чөйрөдө “Челюсть” каймана ысымы менен белгилүү экенин буга чейин бир топ маалымат каражаттары жазып келишкен. Ал эми Айеркен Сайимаити Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар менен тыгыз байланыштуу. Анын ысымы журналисттердин Кыргызстандагы Бажы тармагындагы коррупцияга байланыштуу иликтөөлөрүнөн кийин коомчулукка белгилүү болгон.
Ушул жылдын 10-ноябрында Саймаити Түркияда белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн.
Булак: NazarNews.kg