www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-депутат Надира Нарматова "кыргыз кырылышта күчөйт болуп, коррупцияга каршы күрөш жарыяланса, тескерисинче күчөдү. Корррупционерлерди кытайдагыдай атыш керек. Коррупционерлер сестене турган катуу жаза кылбасак, мамлекетибиз жок болуп кетет"- деп агынан жарылды.
"Ошондой эле коррупциянын системалышып кеткен схемасын ортосунан жарыш керек. Антпесек экономикалык акыбалыбыз начарлайт. Коррупционерлер коррупциялык схемаларды эстафета кылып бири-бирине өткөрүшүп, атасынан калган мурастай бөлүшүп, 200 киши уурдап, жыйынтыгында бири бирине шылтап кутулуп кете беришкен жагдай орун ала баштады,- дейт экс-депутат Надира Нарматова.
Ошондуктан мындан ары коррупция менен күрөштө темирдей тартип орнотуп, катуу жаза колдонушубуз керек. Болбосо коррупционерлер “ит үрө берет, кербен жүрө берет” деп, Ак үй, көк үйдүн баарын кыдырып, жыйындарга катышып, кабинетине барганда көнгөн иши менен алек болуп жатышат,"- деген оюн ортого салды.
Булак: NazarNews.kg