www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул чечим Хожент түрмөсүндөгү тополоңдон кийин кабыл алынды.

Хожент шаарындагы күчөтүлгөн тартиптеги №3 колонияда чыккан тополоң боюнча абакта отурган бир нече адамга жаңы кылмыш иши козголду. Аларга “адам өлтүрүү”, “денеге оор залал келтирүү”, “бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү” жана “түзөтүү абагындагы режимди бузуу” деген айыптар тагылууда.

Тажикстан бийлиги тополоңду басуу учурунда террорчулар жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер гана өлтүрүлгөнүн билдирип жатат.

Буга чейин Хоженттеги түрмөнүн жети кызматкери, алардын ичинде абактын жетекчиси Файзулло Сафарзода камакка алынган. Аларга Тажикстандын Кылмыш кодексинин “Адам өлүмүнө алып келген шалаакылык” беренеси боюнча айып тагылган.

Абактагы тополоңду басуу учурунда, расмий маалымат боюнча 21 соттолуучу өлгөн. Эки абак кызматкери курман болуп, дагы бешөө жараат алган. Жергиликтүү маалымат каражаттары өз булактарына таянуу менен Хожент колониясындагы тополоңдо элүүдөй киши өлгөнүн кабарлашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости