www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын депутаты жана вице-спикер, коомдук саясый ишмер, “Мээримбек” кайрымдуулук фондунун президенти Надира Нарматова учурдагы саясый кырдаал боюнча NazarNews. кg маалымат агенттигине мурдагы президен Курманбек Бакиев тууралуу ачуу чындыгын айтты.
Нарматова өз сөзүндө:
--Кээде реалдуу жашоонун ачуу чындыгын ачык айтып койсоң көпчүлүккө жакпайсың. Ошондой болсо да, пысып олтургандан көрө, айтып койгонду оң көрөм.
Турмуш өзү тараза ташын теңдеп, реалдуу фактылар менен далилдеп көзгө сайып көрсөтүп койду. Өкүнүчтүүсү кам сүт эмген пенде экенбиз, түшүнүп туруп, түшүнгүбүз келбей, текеберленип ич күйдүлүк, трайбалисттик сезим менен билмексенге салып туура түшүнүктү башка жака бургубуз келип, ар тараптан күнөөкөр издегибиз келе берет.
Каалайбызбы, каалабайбызбы моюнга алууга мажбурбуз. Өлкөнү башкаруу үчүн Кудай берген талант, тажрыйба, билиминен тышкары да Президент болууга татыктуу толгон-токой адамдык касиеттер керек.
Ошонун баары мурдагы президент Бакиев Курманбек Салиевичте бар эле. Бул киши тажрыйбалуу, бардык баскычтарды басып өткөн, сабаттуу, билим деңгээли өтө жогору, башка өлкө башчылары менен тең ата сүйлөшө алган дипломат, ойлонуп туруп сөзүн айткан сабырдуу, кимге кандай мамиле кылыш керек экенин билген мырза ажо болгон. Айыл чарбаны, экономиканы, өндүрүштү, социалдык көйгөйлөрдү абдан жакшы билген адам эле. Мына азыр да, калыс сөздү айтып койсом, “Бакиевди мактабай алып келип ал” деп, дароо эле мага асыла башташат. Бирок маселе башка жакта. Кадр тандоону билбегендигибизде экендиги өкүнүчтүү. Болбосо Акаев өлкөнүн акмагын чыгарып, “приватизация эмес прихватизация” жасап, союздан калган байлыкты колхоз, совхоз, ишкана, мекемелерди, завод, фабрика, өндүрүштүн баарын тегиздеп “поктоштуруп”, сазга тыгып коюп кеткен эле. Бакиев беш жыл боюу бир жолу Акаевге жаман деп же акарат сөз айтпады. Мурунку Президент катары кабыл алып, тек гана өз ордуна койду. Мамлекет башчыларынын жолугушууларында Путин менен катар ортодо басчу, чирене-какайып башын бийик көтөрүп, чыкыйып кийинип, өзүн эркин сезип, телпейбей жасалма болбой, чочулабай, ар тараптан төп келип, Назарбаев, Каримовдор четте басып калган.
Тең тайлашып тең ата турган үчүн, Россия өңдүү, чөйрөдөгү кошуна мамлекеттерге жага бербегендиги беш колдой белгилүү. Ошондуктан Кыргызстанга мажүрөө, сөз уга турган Президент керек болуп калгандыгы, айдан ачык болду. Пейилибизге жараша 29 жылда 5 Президентти баштан өткөрдүк. Россия баш болуп, кошуна мамлекеттер 1,2 ден гана Президенттин жүзүн көрүп, өсүп-өнүгүп келе жатышат.
Биз дагы деле кырылышып, чукушуп, Президенттер баш болуп бир бирин тоготпой, теңсинбей, тынчыбай келишет. Журт башчылардын кылык жоругун көргөн карапайым калк кимге карап түздөнөт? Ошондуктан ишин билген Бакиев ар дайым ар кандай кырдаалда башын бийик көтөрүп жүргөн. Ошондой Президентти көрө албагандар көптөшүп, Кыргыздын каарына калышты. Өздөрү атууну уюштуруп, жаш кырчындай балдардын убалын ойлобой Бакиевге күнөөнү оодарып коюп, элдин шорун кайнатышты. Ош окуясын чыгарышып, биротоло мамлекетти чөгөлөтүштү. Өтө өкүнүчтүү. Журт башчыга байланыштуу экендигин түшүнүп жеткидей болдук. Кылып жаткан ишиң өзүнө, элге жакпаса, сөзсүз депрессияга учурайсын Атамбаев сыяктуу. Урунарга адам таппай, өзүнөн мурунку, кийинки Президенттерди легитимсиз деп күнөөлөп, өзү сүйлөгөн сөзүнө, өзү каршы сүйлөп, коомчулукту таң калтырып, элдин бүйүрүн кызытып, урунаарга тоо, жармашарга жар таппай жатканы өкүнүчтүү.
Бакиевдей ажону барктай албаганыбыз үчүн кудай бизди жазалап жатат. Ажо тандашты билбей, добушубузду сатып, куру убадаларга маашырланып, ураа, ураа менен, административдик кысымды, милдет катары кабыл алып, жапа тырмак иштегендин натыйжасынан ушундай акыбалга кептелгенибизден жыйынтык чыгарбай келебиз. Бакиевди кетирген трайбалист жүзү каралар, качан өздөрүнүн күнөөсүн түшүнүп, жыйынтык чыгарып мамлекетти баш аламан акыбалга жеткиришкенин моюнга алып, акыл калчап, элден уялып, үндөрүн өчүрүп, мыйзам чегинде жооп берүүнү түшүнүп жетет болду экен?
Өлкө ичиндеги мыйзамсыздык качан иретке келет? Жер-жерлердеги мыйзамсыздыктардан тажаган элди ким, качан түшүнөт? Темирдей тартип качан орнойт? Талкалоочулар жоголуп, жаратмандар жоопкерчиликти качан колго алышат? Жоопкерчилик качан талап кылынат? Укук талашкандар өз милдеттерин качан сезишет? Ушул ж.б. сыяктуу жүздөгөн суроолор мээни, аң сезимди курчап, тынчытпай келет.
Төмөндөгү тарыхый материалда көрүнүп тургандай 10 жылдан бери кыргыз эли нормалдуу куттуктоо угуша электиги ачуу чындык.
Кошоматчылар, фейктер мага асылбагыла? Бул тарых. Менде күнөө жок, деп жазган коомдук саясый ишмер Надира Нарматова.
Булак: NazarNews.kg