www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Экс-президент А.Атамбаев суракка барбай жатканы коомчулукту өтө кыжаалат кылып жатат.

Анын бул кылганы туура эмес. Тескерисинче, экс-президент статусундагы адам коомго үлгү болуп, дайыма өзүнүн аракеттери жана кадамдары менен өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоого, коомчулуктун пикирин урматтоого умтулуусу маанилүү экендигин көрсөтүш керек болчу. Эми А.Атамбаевге эч ким жардам бере албайт. Анын тегерегиндеги Ф.Ниязов, И.Карамушкина жана башкалары өз кызыкчылыктарына пайдаланып, чоң саясатта калууну көздөп жатышат.

Болбосо, экс-президент атышам же атынып алам деген сөздөрдөн кийин булар ойлонушса болмок да, абал кайсы жакка ооп баратканын. Атамбаев элге коргологону туура эмес. Антип деле ал бул проблемадан кутула албайт. Абийир соту деген бар да. Кандай болбосун Атамбаевдин бүгүнкү аракеттери кыргыз мамлекетинин келечеги жана анын жалпы элинин кызыкчылыгына туура келбейт. Ал мыйзамдуу жолду тандагандын ордуна элге жамынып, конфронтациялык жолду тандагандай болуп турат.

Атамбаевдин Кой - Ташка жашырынып алып Кыргызстандын мыйзамдарына ишенбейм, келишсе үйгө киргизбейм дегени Бакиевдин абалын эске салат. Ал мыйзамдуу жолдон качып, өзүнүн абалын өзү эле оорлоштуруп жатат. Эгер ушинте берип бир нерсе болуп кетсе, Атамбаев кан менен бийликке келген, кан менен кетти деген сөзгө калат. Атамбаев мыйзам жолунан качып, үйүнө жаштарды чогултуп, жаштардын өмүрүн бир тыйынга баалабай от менен ойноп жатат.

Табылды Акеров, саясый серепчи

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости