www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Надира Нарматова “Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева сотторун чогултуп алып, уялып жатам, уят болдук деп кайталап, киши көрсүнгө жыйын өткөрө бербей, куру сөздөн ишке өтсүн ” деген чакырыкты Фейсбук баракчасына чыгарды.

Надира Нарматованын шилтемеси төмөндө өзгөртүүсүз берилди:

"Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева уялбасын! Оо дүйнөдө тозок отуна түшүп, күйгүсү келбесе, Жогорку Кеңештин трибунасынан элге берген антты уруп кетпесин деген, адамдык, аялдык, энелик жоопкерчилиги болсо өзгөрүүнү өзүнөн баштасын. Кудай азабынан корксун!

Биринчиден, көрсөтмө берип, көз жаштардын агылышына, туура эмес, мыйзамсыз чечимдерден чыгып, элдин убалына калганды токтотсун, себепчи болбосун!

Экинчиден, Уялганын кудайдын алдында чындап сезген болсо, тазалыкты, адилет, акыйкат, мыйзамдуу, чечимдерге кол койгонду өзүнөн баштасын!

Үчүнчүдөн, “Жогору жактан звонок болду”,-деп жогору жактын атын сатып, сот иштери башталаардын алдында,(факт) Жогорку Соттун сотторун чакырып алып "Түз көрсөтмө бергенди токтотсун!

Төртүнчүдөн, сотторго эркин, көз карандысыздык, буйрук аткарбай жоопкерчиликти сезип, өз алдынча чечим кабыл алганга мүмкүнчүлүк түзүп берсин! Соттодун укугун коргосун!

Бешинчиден, президенттин эки жылдан бери соттор боюнча Коопсуздук кеңешинде ж.б. жыйындарда бир канча жолу кайталап, айткан айтып келе жаткан сын-сунуштарына, Шаршенчесинен кайра-кайра сотторун чогултуп алып, уялып жатам, уят болдук деп кайталап, киши көрсүнгө жыйын өткөрө бербей, куру сөздөн ишке өтсүн

Алтынчыдан, “Өзүңдү эр ойлосоң, маңдайыңда шерлер турганын унутпагын"-деген сөз бар. Коомчулук көрүп, билип, аңдап турат. Эч кандай өзгөрүү жок. Баякы эле көз жаштар. Адилетсиз чечимдер. Сот бийлиги бешинчи бийлик бутагы. Элдин бийликке болгон ишенимин негизинен сот адилеттүүлүгү акыйкат, адилеттүү чечимдери менен кайтарып бериш керек. Өкүнүчтүүсү бул көрүнүш жокко эсе. Андыктан Гүлбара Калыева Президенттин сынын туура кабыл алса, соттордун чечими аркылуу элдин бийликке болгон ишенимин кайтарганга аракет кылсын!

Жетинчиден, Жогорку соттун төрайымы айткан сөзү менен аткарган иши дал келгенде соттордун иши адилеттүү чечим менен жыйынтык берет. Ал үчүн төрайым сотторго айткан тапшырмасы иш жүзүнө ашырып, президенттин тапшырмасын аткарып, тозок отунда күйбөш үчүн, койгон талаптарына өзү-өзүнө бут тосуп, сотторду кылмыштуулука түртүп, өзүн да соттордун алдында жер көз кылбасын!

Сотторду бирден чакырып, тапшырма бергенди токтотсун! Төрайым жыйындарга берген тапшырмасын, өзү жокко чыгарбай, принципиалдуулукка өтсүн! Көр азабы, ант азабы деген сөздү бекем эстеп, унутпасын!

Эскертүү: Жогорку соттун төрайымынын көрсөтмөсүнөн күйгөн, адилетсиз чечимдерден аккан көз жаштардан алынган фактыларга таянып, ачуу болсо да, ачык жазып, жетинин бири кызыр деп, 7 талапты жекече өзүмдүн атымдан билдирдим. Төрайым окуса, жекече беттешүүгө чакырсын. Мен даярмын. Фактылар менен өз сөзүмдү далилдеп бергенге Аллахым жардам берет. Соттор өздөрү жалган сүйлөгөндөн уялбаса,биз угуп, көрүп жүрүп алардын эки жүздүүлүгүнөн тажадык"-дейт Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Надира Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости