www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара өзгөй пиар, постсоветтик аймактарда 1990-жылдардан тарта пайда болду. Тагыраагы менчиктештирүү менен бирге келди. Ошондон тарта каралоону ашкере колдонуу адат болуп келе жатат. Бирок, жыйынтыгында аткаминерлер көбү өзү жөнүндө кандай жаман сөз укпасын, ага маани деле бербей калышты. Анткен менен кара пиар токтоп калган жок. Тескерисинче күн санап кулачын жайып келет. Буга чейин бир тараптуу маалыматтарды чагылдыруу жеке басма гезиттерине таандык мүнөз болуп келген.

Учурда болсо теле, радио ал тургай интернет булактары менен соттошкондор көбөйдү. Белгилей кетсек, учурда өлкөдөгү каралоо компаниясынын эң эле көп эрмеги Раим Матраимов болууда. Акыркы чуулгандуусу, бажыдагы акча которуулар тууралуу, мазмуну окшош макалалардын “Азаттык”, "Клооп" жана "24.kg" маалымат булактарында жарыяланганы болду. Бул талаштуу маселе экенин эске алган юристтер, тез арада тиешелүү органдар чекит коюушу керек экенин билдиришет. ЖМКларда пайда болгон маалымат бир тараптуу, жалган, каралоо экенин билдирип, Матраимовдор сотто кадыр – баркын коргоого өттү.

Соттун экинчи отурумунда эле 24. Kg маалымат агентиги, далилдери жок экенин, маалыматты сайтка көчүрүп жазышканын айтып, четтөөгө ыктай башташканы белгилүү болду. Жөнөкөй жарандардын ичинде, душманын каралоо үчүн айыл-апага жалган сөз чыгарып коюушат. Аны уккан ээн ооз аялдар көбүртүп жатып калышат. Ал эми эл көзүндөгү адамдын кадыр-баркын түшүргүсү келгендер кара пиарды сатып алышат. Анын баасы жарнамага караганда бир кыйла кымбат болот. Бул ачык айтылбаганы менен дээрлик дүйнөдө колдонушат. Ал тургай атайын кара өзгөй пиар менен алектенген компаниялар дагы бар.

Айтмакчы кара пияр шайлоо өнөктүгү башталганда өзгөчө курал болуп берет. Талапкерлер бири-бирин чукуп, анын атын жамандаган маалымат чогултат да, ММКларга таратат. Жыйынтыгында каралоону буюрткан адам душманын белгилүү да кыла алат. Анын сыңары, мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин салымы менен Раим Матраимов дагы белгилүү болуп чыга келди. Төмөндө журналист Алтынбек Давлетов даярдаган видеотасманы көрө аласыздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости