www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Нарын Айып мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саясатта кала турган пикирине "Азаттыкка" ушундай оюн билдирди.

- Анын таасири мурда деле болгон эмес. Бийликтин күчү менен гана таасир кылып жүргөн. Коомдо таасир этем деген адам кадыр-баркка ээ болушу керек. Сөзү адилет болушу керек. Эми бийлигин жоготконун түшүнбөй жатат. Анда эч кандай таасир калган жок.

Быйыл жаздан бери маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп бербей келаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев 19ноябрда "Апрель ТВ" каналына маек куруп, саясатта кала турганын маалымдады.

- Мен саясатта президент, премьер же спикер болом деп жүргөн жокмун. Мен Бакиевдер кайтып келишин каалабайм. Конституциялык реформаны ишке ашыргым келет. Ошол үчүн мен саясатта калууга аргасызмын. Мен негизи башка нерсе -- тарых, тил, бизнес менен алек болоюн дегем. Азыр өлкөдө абал ошол Бакиевдин жолуна түшүп кетиши мүмкүн. Мен саясатчылардын жаңы муунуна жардам берүү үчүн калып жатам. Парламенттик мамлекет болушун каалайм, - деди Атамбаев.

Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын аппараты Атамбаевдин соңку билдирүүсүнө байланыштуу азырынча үн ката элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости