www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди учурунда түштүктөн Азимбек Бекназаров менен Сооронбай Жээнбековдон башка эч ким колдогон эмес. Мындай пикирин Бекназаров “Марал” радиосуна курган маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда мурдагы мамлекет башчынын жанында Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов эле калды.
“Алмазбек Атамбаев 2009-жылы Жалал-Абадда ууланып жатканда аны Сооронбай Жээнбеков Кара-Кулжага алып барып, кымыз берип, сактап калганын айта жүрүү керек. Ал эмес ага жакшылык кылгандарды да эстеп жүрүүсү керек. Мен бул окуяны билем. Анткени, ошондо Атамбаевди өзүм Жээнбековго өткөрүп берип, өзүнө келтирип, Бишкекке салып ийүүсүн айткам”, - дейт Бекназаров.
Сөзүн андан ары улаган коомдук ишмер Атамбаев өз кайрылуусунда элден кечирим сурап, кемчиликтерин өзүн мойнуна алат деп күткөнүн да кошумчалады.
Булак: "telegra.ph"