www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалында берген интервьюсунда камактагы "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев тууралуу суроолорго жооп берди.

"Текебаевге байланыштуу мыйзамды карабай деле койсом болмок экенин мойнума алам... Мыйзам боюнча ал жерде баары далилденген, Текебаевдин деле тарапкерлери ошол миллион тууралуу сөз кылышкан. Бирок мен андай кылбай деле койсом болмок экен. Мен күч органдарына баарын мыйзам чегинде жасагыла деп талап койчумун",- деди Атамбаев.

Эскерте кетсек, “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов, 2010-жылы, “Мегаком” компаниясынын акцияларын сатып алууга көмөк көрсөтүү максатында, Орусия Федерациясынын жараны Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп шектелип, 2017-жылдын февралында камакка алынган. Сот экөөнү тең сегиз жылга эркинен ажыраткан. Саясатчылар айып-дооматтын баарын четке кагып, саясий куугунтуктун курмандыгы экенин айтып келишет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости