www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүн кыргыздын деми деп атаган Гүлзат Мамытбек жеке жашоосу тууралуу жар салып, жакында турмушка чыгаарын айткан эле. Гүлзат Мамытбектин жеке тандоосу көпчүлүккө ынабай түрдүү пикирлерди жаратууда.

"Эки аял" темасын коомчулукка алып чыгып жаткан журналист Назира Бегим өзүнүн пикирин төмөнкүдөй калтырган:

"Бирөөнүн "мачосу" келиптир го. Дагы "патриот" имиш. Уят ай бетим. Чын жүрөктөн баары бир. Бирок кыргыз кыздарынын баркын кетирип, тиги мачого алданып жатканын билди бекен?!

Көлгө "Голливуд центр" салат имиш. Кайдагы Бир каапырларга Ысык-Көлүмдү тебелетпейм!Барып ошол Эквадорунарга салгыла "центриңерди". Көк мээликтин чеги жоктой, болсо мынчалык болбойт беле. Үлгү болгон адамдын кадамдарды.

Албетте, турмуш курсун, бактылуу болсун, бирок кыргыз табылбай калыптырбы? Кайдагы бир кыргыздын баалуулугун билбеген немеге караганда кыргыздын жигитин ошентип эркелетпейсиңби? 

Мачосу дагы мактангандай жарытаарлык эмгек жаратпаганы көрүнүп турат. Гүлзат сенин мачоңсуз эле мамлекетти өнүктүрө турган кыргызымдын жигиттери толтура!

Болду, эсиң барда этегиңди жый такыр эле чанжырап кетпей! Балдарына ушул татыктуу ата болуп татыктуу тарбия береби?

Дагы, "мен биринчи көнүп алайын анан балдарымды" дейсиң, кантип айттың ушул сөздөрдү. Өз балдарыңдан ушул каапыр артыкпы? Кайнатса каны, тили, дили, дини дагы кошулбаган кайдагы бир чет өлкөлүктү "Кыргызстанга жашатып, мамлекетти экөөбүз өнүктүрөбүз"- деп айтканга кантип дитиң барды?! Сен, "саткын патриот" кайсы бетиң менен мактанып жар салып жатасың уялбай?!"

Булак: NazarNews.kg

Последние новости