www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Редакциябызга атайын ат арытып алыскы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынан келген 75-жаштагы тургуну, 10 баланын энеси,  Абдыраева Жумакүл апанын айткандарын угуп отуруп, дагы бир жолу жергебизде өзүм билемдик, мыйзамсыздык, текеберчилик канатын кенен жайганына көзүбүз жетти. Маркум М.Самтыровдун артында боздоп калган энесинин, чыркырап чындык издеп жүргөн бир туугандарынын, жапжаш туруп жесир калган өмүрлүк жубайынын, чиедей калган төрт перзентинин акыбалын түшүнүп туруп, журналист катары гана эмес, адам катары дагы четте тура албадык.

Этеги жашка толгон эненин күйүтүн угуп алып, кабарчыбыз бул жүрөктүн үшүн алган окуяны жеринен иликтөөнү көздөп, алыскы Нарын облусунун Ат-Башы районуна сапар алган болчу.

Үстүбүздөгү жылдын каргашалуу 19-август күнү  кечки саат 22:30 чамасында, Жумакүл апанын уулу Самтыров Майрамбек киши колдуу болуп  өлтүрүлөт. Бул оор кылмышка шектүү делинип, Бишкек шаарынын тургуну А.Мамбетов кармалып, камакка алынган. Журналисттик иликтөө учурунда арабызда дагы деле болсо, “сорттолбогон” соттор, тергөөнү тездик менен териштире салган тергөөчүлөр, чочоңдогон айыл чоңдорунун “кызмат” орундарын, элди “сыздат” орундарына, айланткандар толтура экендигине, бир барганда эле көзүбүз толугу менен жетти деп айтсак болчудай. Кабарчыбызды коштоп барган гезитибиз менен биргеликте иш алып барышып, далай кылмыштын жүзүн ачууга өз үлүштөрүн кошкон, “Нурсат-Т” юридикалык компаниясынын юристи бул кылмыш иши боюнча, тергөө чала жана үстүртөн жүргүзүлгөндүгүн, сот тарабынан соттолуучу А.Мамбетовго карата аябагандай жеңил жаза берилгендигин  аныктап берди. Иликтөө учурунда кылмыш саат 22:30 чамасында болуп, Ат-Башы райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө  кайсы убакта жеткирилгендиги тууралуу эч жерден маалымат таба албай койдук. Жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Саламат Султанкуловна айым, “Биз жандандыруу бөлүмүнө түшкөн адамдарды каттабайбыз, каттоо журналыбыз деле жок” деп, Ата-Башы районундагы орун алган аттын башындай мыйзам бузууларга күбө болуп, эсибизди жыя албай турганыбызда,  андан бетер оозубузду ачырды. Демек, маркумду саат канчада жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендиги жабык бойдон калган. Тергөө кызматы бир-эки күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүнө гана таянып жыйынтык чыгарып койгон.  Ооруканага жеткиргендер кылмышка шектүү делинген А.Мамбетов, анын бир тууган иниси С.Мамбетов жана чогуу жүргөндөрдүн бири болгон. Ушундай “күбөлөрдүн” көрсөтмөлөрүн негиз кылып алып,  жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген убактысын аныктап койгон, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын жетекчиси Тойбай уулу Кутмандын кылык-жоруктарына түшүнө албай турдук. Жада калса маркумга тиешелүү  чөнтөк телефонун “далил буюм” катары тергөө тарабынан алынып, аны кимдир бирөө башка сим-карта салуу жолу менен пайдаланып жүрүшкөндүгү дагы тастыкталды. Буга чейин көрүнгөн шылтоону айтып, чөнтөк телефонду бербей жүргөн тергөөчү Тойбай уулу Кутман, биз барган 10-декабрь күнү сейфинен алып чыгып, маркумдун мыйзамдуу өкүлүнө  өткүзүп берди. Ошол эле учурда кылмыш материалдарында маркумдун телефонунун детализациясын көрө албадык. Ошондой эле, телефон ээси төрт айдан бери оо дүйнөгө сапар алгандыгына карабастан, аны пайдаланып жүргөндөрдүн ким экендиги дагы бизди таңкалдырбай койбоду. Ушундай чала сабат тергелген кылмыш ишин сотко жөнөтүүгө уруксаат берген Ат-Башы районунун Суранов мырза башында турган прокуратура кызматкерлерине деле айтаар сөзүбүз калбады. Болбосо, бир жолу эле барган кабарчы менен юрист казып чыккан тергөө учурундагы одоно мыйзам бузууларды прокуратура байкабай калды деген, бул чоң көз боемоочулук экендиги билинип эле турду.

Баарынан кызыгы, маркумдун жактоочусуна Ат-Башы райондук сотунун төрайымы Ж.Киналиева айымдын иш материалдарын таанышып чыгууга бербей койгондугу болду. Көрсө, бул судья айымыбыз апелляциялык даттануудагы келтирилген жөөлөр менен таанышып чыгып, өзү чыгарган өкүмдү, соттук отурумдардагы протоколдорду кайрадан арткы дата менен оңдоп, түздөтүп жатыптыр. Болбосо 2018-жылдын 3-декабрында чыгарылган өкүмдүн сот отурумундагы жүргүзүлгөн протоколдордун 8 күнчө даяр болбой жаткандыгын кандай түшүнсөк болот?! Апелляциялык даттануунун убактысы 10 күн экендигин билип туруп, эл ишенген сотубуздун “эрдиктерине” түшүнө албай койдук. Ошону менен катар судья Ж.Киналиева, сот отурумдарындагы сот залынан жүргүзүлгөн видео материалдардын көчүрмөсүн берүүдөн дагы баш тартты. Баш тартуудан башка судья Ж.Киналиевада арга жок болчу. Себеп дегенде сот отурумдарын бир жактуу өткөрүп, жабырлануучу тарапка сөз бербей, кагып, силкип, “оозуңду жап, оозуңду жаппайсыңбы” деп ансыз деле кан жутуп, ботосун издеп жүргөн боз ингендей буулугуп отурган Абдыраева Жумакүл эненин эсин кетиргендиги жөнүндө, сотко катышкандар төкпөй-чачпай айтып беришти.

Ат-Башы райондук сотунун төрайымы Ж.Киналиева үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында А.Мамбетовго карата чыгарган өкүмү жабырлануучу тараптан Нарын облустук сотуна апелляциялык даттануу арызын бергендигине байланыштуу, журналисттик иликтөө учурундагы колубузга илинген тергөө, прокуратура, сот тарабынан одоно мыйзам бузууларды камтыган жыйынтыгыбызды,  гезитибиздин кийинки сандарына калтырууну туура көрдүк. Бул кылмыш ишин “Эл жана  мыйзам” коомдук бирикмеси, “Нурсат-Т” юридикалык компаниясынын тажрыйбалуу юристтери менен биргеликте аягына чейин көз жаздымында калтырбасын эскерте кетмекчибиз. Макалабыздын аягында Нарын облустук кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын мүчөлөрүнө кудайым ыйман берип, чыркыраган чындыктын бети ачылып, кылмышкер татыктуу жазасын алат го деген үмүттөбүз.  

Абай Аргынов

Булак: “Параграф”

Последние новости