www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин 60 жаш кутман курагын телефон аркылуу куттуктаган өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбеков коомчулукта кызуу талкууга алынды. Бири президенттин бул кадамын колдосо, бири ага каршы пикирлерин калтырууда.
Пикир калтыргандардын бири Шүкүрбек Эркебаев өзүнүн оюн төмөнкүчө жарыя кылган:
"Күнөөлүбү, күнөөсү жокпу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде камалып, эркинен ажыратылып, түрмөдө жаткан адамга өлкөнүн жетекчиси телефон менен туулган күнүн куттуктагандыгы-шермендечилик.....
ЭКСи мыйзамды бузуп камабай койсом болмок десе, азыркысы анын сөзүн кубаттап зекти куттуктап жатса, эмне деген мамлекетте жашайбыз? Же элдин башын айлантып, урушумуш болушуп, президент менен экстин алдап башкаруу тактикасыбы?"
Булак: NazarNews.kg