www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурчолпон түз жерден “багелине чалынып” мүдүрүлдү

"Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста” дегенди аты жумурай журтка таанылып, кадыр күтүп калган ырчы Нурчолпон далилдеди. Түз жерден “багелине чалынып” мүдүрүлдү. “Жыгылсаң нардан жыгыл, буласын кармай жыгыл” дедиби, түз эле Манасты эстрадага салып, “чулдурап” ырдай коюп, коомдун нааразычылыгын жаратты. 

Анткени, Манас – ар ким эле жыра тартып кол жоолук кыла бере турган оюнчук эмес. Манас – кыргыздын улуттук ыйык рухий дөөлөтү. Улуттун ыйыктыгына аздек, аяр мамиле керек. Ошол үчүн эрте турган делбелер өз билген боткосун чала бербесин деп, Манас атайын мыйзам менен корголгон. Манаска жеңил баа мамиле кылгандар оңгон эмес. Айкөлдүн баяны ар ким эле айта бергидей той-топурда элдин көңүл ачкан өлөң эмес. Ыйык нерсе, туюк болот. Андыктан,  кыргыздын тарыхый эс тутуму, дүйнө таанымы, тили жана руханий өзөгү, улуттук баалуулуктардын башаты болгон ыйыктыгынын кунун кетирген терс көрүнүштөр ооздукталышы милдет. 

Албетте, Нурчолпон таланттуу кыз. Бирок дареметине карап билген ырын ырдай берсин. Бирок жалпы улттун ыйыктыгына жеңил баа мамиле кылып, кутун учурбасын. Себеби чыгармачылык эркиндик деген түшүнүк жоопкерчиликти жокко чыгарбайт. Демек, тиешелүү органдар ак же көк деп, улуттун наркына, баалуулугуна, ыйыктыгына байланышкан жагдайларда ашыкча кеткендерди тескеп турса ашыкча болбойт.

Последние новости