www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө 450 млн сомдук заманбап тоок фабрикасы ишке кирди

Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында «Ак-Суу асыл тукум чарбасы» ЖЧКсынын заманбап тоок фабрикасы пайдаланууга берилди.

Ишкананын ачылыш аземи өлкө боюнча жаңы өнөр жай объектилерин ишке киргизүүгө арналган иш-чаранын алкагында, Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда өттү.

Долбоорду ишке ашырууга 450 млн сом инвестиция тартылып, жаңы ишканада 145 жумуш орду түзүлдү.

Иш-чарага Москва районунун акими, Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору, жергиликтүү бийлик органдарынын жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Заманбап фабриканын ишке кириши аймакта айыл чарба жана өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле ишкана ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө, агроөнөр жай комплексинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана ички рынокту жергиликтүү продукция менен камсыздоого багытталган.

Последние новости