www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Аскер прокурору К.К. Байдылдаев Казакстандын Түркстан шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Кеңешинин 5-жыйынына жана Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун 7-жолугушуусуна катышты.

ТМУнун алкагындагы жыйында трансулуттук баңгизат кылмыштуулугуна, кибералдамчылыкка жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, санариптик далилдер менен иштөө жана кылмыштуу активдерди кайтаруу маселелери талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү протокол кабыл алынып, ТМУга мүчө мамлекеттердин прокуратура органдарынын мамлекеттик айыптоону колдоо жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Ал эми ЭКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун жолугушуусунда айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо маселелери каралды. Кыргыз тарап улуттук тажрыйбасы менен бөлүшүп, прокуратура органдарынын бул багыттагы практикалык кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча сунуштарын билдирди.

Иш-чаралардын жыйынтыгында тараптар кесиптик өз ара аракеттенүүнү жана тажрыйба алмашууну мындан ары да күчөтүүгө даяр экенин ырасташты.

Последние новости