www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйшөмбү күнү ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында (ЖКККББ) 2026–2027-окуу жылына карата кызматкерлердин саптык нускамасы өткөрүлдү.
Иш-чарада мамлекеттик туу көтөрүлүп, кызматкерлерге жаңы окуу жылына карата негизги милдеттер коюлду.
Анда кызматтык тартипти сактоого, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жана жарандар менен иш алып барууда жоопкерчиликти күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, 6–7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн XXV эл аралык Ысык-Көл оюндарында таяк-тартыш боюнча ийгиликтүү катышкан ЖКККББнын кызматкерлери белгиленип, куттуктоо айтылды.
Башкармалыктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кызматтагы жоопкерчилик менен спорттогу жетишкендик кызматкерлердин тартиптүүлүгүн, күчүн жана командалык духун бекемдөөгө багытталган.