www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын вице-мери Нурдан Орунтаев “Батуми” кафесин буздуруп, натыйжада УКМК суракка чакырып, айып тѳлѳѳгѳ милдеттендиргенден кийин кѳрүнбѳй калды. Нурдан «баланча жерди буздуруп жатыптыр» деген маалымат, видеолор чыкпай, чуу түшкѳн окуя жок.
Сыягы, иштейм деген баланын дагы тизгинин тартып, демин суутушту. Эми экинчи демин ачыш үчүн, Ысык-Кѳл облусуна жѳнѳтүш керек окшойт. Анткени, кѳлдүн эл эс алчу жээгин темир тосмолор менен тосуп, менчиктеп алган пансионаттардын тосмолорун алуу боюнча президенттин буйругу аткарылбай жатат.
Пансионаттардын ээлери президент Садыр Жапаровдун буйругуна баш ийбей, тоготпой жатышканы кандай? Ысык-Кѳл облусунун жетекчилери дагы тапшырманы аткарууга эрктери жетпей, кѳл жээгиндеги тосмолорду алдыра албай, мажүрѳ болушуп, ѳлкѳ башчысын уят кылышып, сѳзгѳ калтырышууда.
Андыктан, Нурдан Орунтаевди кѳлгѳ жѳнѳтсѳ, пансионаттар тосуп алган кѳл жээгиндеги тосмолорду бир заматта алдырып, иртеке салып, тартипке келтирет болчу.
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат
Булак: NazarNews.kg