www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунун Асыл-Баш айылындагы 80 пайыз үйлөрдүн документи жоктугуна байланыштуу, азыр көпчүлүк жарандар балдарына паспорт ала албай жатат. Мына ушундай маселени бүгүн 20-ноябрдагы парламенттин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева көтөрдү.

Болгондо дагы депутат айым, “жок Мухаммедкалый Дүйшекеевич, айтсаңыз, азыр телевизор көрүп жатышса, эмне кылуу керектигин билип алышсын”, - деп маселени кабыргасынан койду.

Кызыгы жаш балача жер карап, “баардык жерде эле ошондой... эми муну караштыралык... элдин өзүнүн каалоо-тилеги болбой жатат... каражат табышыбыз керек... маакул, маакул”, - деп ыңгыранган өкмөт башчы суроого түз жооп бере албай, күнөөнү жарандарга оодарганга аракет жасады.

Өкмөттүн караштырып жатканын экинчи жылдан бери угуп келе жатканын билдирген депутат айым, “караштыргылачы, сураныч, сиз дагы келгенде ушуну тактайлы”, - деп аргасыз буга көнгөндөй болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости