www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу азырынча СИЗОдо кармалып турат. Жакында жазасын өтөө үчүн кыргызстандагы түрмөлөрдүн бирине которулат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Эске салсак, казак тарап экс-депутат Дамирбек Асылбек уулун Кыргызстанда өткөрүп берген.

5-ноябрда Казакстандын Алматы шаарынын апелляциялык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карап, аны канааттандырган эмес. Ал эми, аны менен кошо соттолгон Уланбек Мурадиловдун 10 жылдык жаза мөөнөтүн 8 жыл кылып кыскарткан.

Экс-депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлуп, 12 жылга эркинен ажыратылган. Бирок Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Айыпталган кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон.

2018-жылдын февраль айында Казакстандын күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүшкөн. Анда, Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты менен Кыргызстандын эки жараны – Уланбек Мурадилаев жана Чыңгыз Абакиров кармалган.

Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ал эми, Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 16-апрелде депутаттык мандаттан ажыраткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости