www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2015-жылы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке жалаң чала бандит, каракчылар, бизнесмендер, мамлекеттик мүлктү талап-тоногондор өтүп кетип эми ал элдин шору болду. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого дагы дал ушул кудайдан жөө качкан эргулдар же болбосо алардын ойноштору, тууган-туушкан, жакын санаалаштары ат майданга чыгат. Карап гана туралы. Азыр алардын бирөөсү тууралуу сөз кылалы деп турабыз.

Кубанычбек Жумалиевди билесиңер. Акаев убагында мамлекетти тизе бүктүргөндөрдүн бири. 2005-жылы март революциясында Көк-Жардагы хансарайын ачууланган эл талкалап кетпесин деп кайсыл бир кеңсенин кейпин кийгизе коюп, Кыргызстандын желегин үйүнүн аймагына желбирете салган.

Бул адам 1992-жылдан тартып, өлкөдөгү жогорку кызматтарды аркалап, президенттик аппараттын жетекчиси, Жалал-Абад облусунун губернатору, өлкөнүн вице-премьер-министри жана өкмөт башчысы дагы болгон.

2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келген. Эми мүлкү тууралуу сөз кылалы. Негизи, "мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин ишмердүүлүгү тууралуу" мыйзамында бул "уурулар" бир убакытта мамлекеттик иште жеке ишкерлик менен алектенбеши керек. Туурабы? Муну бардыгы билет. Бирок Кубанычбек Жумалиев башка депуттардан кем бекен? Же эмне башы таз беле?

Юстиция министрлигинин жана OsOO.kg базасында бул эл өкүлү 33 фирманын негиздөөчүсү жана жетекчиси экендиги көрсөтүлгөн.

Ал мамлекеттик кызматта 90-жылдардан бери талыкпай эмгектенип жүргөнүндө 11 фирманы ачып, ийгиликтүү иштеткенге жетишкен. Жанагы 33 фирманын 8ин ал ушул чакырылыштын депутаты болуп тураганында ачканга жетишкен.  

Анын ишкерлик чөйрөсүнүн басымдуу бөлүгү жеке менчик билим берүү тармагында. 2016-жылы ал депутат болуп туруп физика-математикалык мектеп-лицейин ачкан. Ага кимдин ысымы ыйгарылган, билесиңерби? Ал мектепке өзүнүн ысымын ыйгарган. Мына тирүү туруп өзүнүн ысымын ыйгарган ушундай “моразматиктер” отурат парламентте. Анан бир нерсени үмүт этип отурасыңар силер.  

Андан сырткары жетиге жакын компаниясы жеке турак жай куруу тармагында алектенет. Дагы микронасыялоо компаниясы, кагаз фабрикалары бар.

12 компаниясы депутат өзү жашаган жерге катталган. 6 компаниясы болсо эл аралык медициналык университет жайгашкан Анкара 1/17 дарегинде каттоодо турат.

Эске салсак, 2018-жылдын август айында дал ушул окуу мекемесине байланыштуу чулгандуу окуя орун алган. Анда анын жетекчиси болуп ким дайындалган билесиңерби? Анын жетекчиси болуп Жумалиевдин жубайы, ырчы Роза Аманова дайындалган! Ал эми Роза Амановага дагы 15 фирма катталган. Ал эми  мыйзам боюнча,  жубайы мамлекеттик кызматкердин жакын тууганына кирет. Андыктан ал дагы салык декларациясына  өзүнүн мүлкүн ачыктоого милдеттүү болуп саналат.

Economist.kg сайтынын маалыматына ылайык бул "полу ишкер" "полу депутат" эл өкүлү болуп турганында 2015-2016-жылдар үчүн гана салык декларациясын толтурган. Кийинки жылдары толтурган эмес. Бул эмне? Бул мыйзам бузуу! Мыйзам бузса эмне кылуу керек? Түрмөгө “тыгыш” керек!

Эми ошол 2015-жылдагы толтурган декларациясына токтололу.  Ошол эле Economist.kg сайтынын маалыматына караганда ал жылы Жумалиев 562 миң сом гана киреше табыптыр. Кыймылсыз мүлк деп 507 чарчы метрди түзгөн үйү жана 316 чарчы метрге барабар батирин көрсөткөн. Кыймылдуусунан болсо 2008-жылы чыгарылган Toyota Sequoia унаасын жазган.

Анан кантип ушулар эл камын ойлойт? Роза Аманованын “Мен сага таарынгым келет” – деген ырын карапайым эл дал ушул Жумалиевге обон созчудай эле бар экен...

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости