www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айылында окуучу кыздардын арасында массалык мушташ болду. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарап, элдин назарына түштү.  Кыздардын мушташып жатканын жанында турган мектептин окуучу балдары тартып социалдык тармактарга таратып жиберишкен. Маалыматка караганда, окуя 18-ноябрда болгон. Көрүүчүлөрдүн бири аларды токтотоюн деп баратканда жанындагылар аны токтотуп коюшкан. Видеону алдына окуучу кыздар Жаңы-Жол айылынын Ж. Мамытбеков атындагы №10 мектептин окуучулары деп жазып чыккан. 

Видеодон 20 ашык кыздар чогулуп алып урушуп жатканын көрүүгө болот. Калган окуучу балдар жана кыздар аларды ажыраштыргандын ордуна жөн гана телефонго тартып, бирине колдоо көрсөтүп кыйкырып турушат.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Аксы РИИБинин КЖБРне  катталып, КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси “Ээнбаштык” менен сотко чейинки өндүрүш иши башталганын Жалал-Абад ОИИБинен билдиришкен. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жаш өспүрүм кыздардын арасындагы пикир келишпестиктердин себеби жана окуянын жагдайлары такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости