www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдарбеков Иманалы
(1924-25) «Өзгөгө капкан койгон өзү түшөт»;
Орозбеков Абдыкадыр
(1925-27) «Бөрү карыса бир койлук алы бар»;
Абдрахманов Жусуп
(1927-33) «Отун албай, орус ал»;
Исакеев Баялы
(1933-37); «Бирде жигит асманда, бирде жигит зынданда»;
Салихов Мурат
(1937-38); «Адалсынган молдонун үйүнөн, алты камандын башы чыгыптыр»;
Кулатов Төрөбай
(1938-45) «Сен билесиңби, же Генеральный секретарь Сталин билеби?»;
Раззаков Исхак
(1945-50) «Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт;
Сүйөркулов Абды
(1950-58)«Спикер чыгып байге албайт»;
Дикамбаев Казы
(1958-61), «Үйдө баатыр, бюродо жок»;
Мамбетов Болот
(1961-68); «Өзгөнү сүйлөргө оозу бар, өзүн сүйлөргө оозу тар»;
Сүйүмбаев Акматбек
(1968-78); «Бака чардабаса, карды жарылат»;
Ибраимов Султан
(1978-80); «Журт султаны - Султан»;
Дүйшеев Арстанбек
(1981 -86); «Шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөлү, бакылдаган текени суу кечкенде көрөлү»;
Жумагулов Апас
(1986-91)-(1993-98), «Төөнү түгү менен жутуп, чымындап кускусу келет»;
Исанов Насирдин
(1991), «Мышыктын канаты болсо, чымчыкты кырып бүтмөк»;
Иордан Андрей
(1991-1992), «Эшектин ичкенинен өзөн арам болбойт»;
Чынгышев Турсунбек
(1992-93), «Жыландан жүн кыркып, бүргөдөн май сызгырган»;
Алмамбет Матубраимов
(1993), «Бакырчаак төөнүн бары жакшы»;
Борис Силаев
(1998), «Орус менен дос болсоң, айбалтаңды ала жүр»;
Жумалиев Кубанычбек
(1998), «Жолборс жок өрөөндө коён падыша»;
Ибраимов Жумабек
(1998-99), «Сүзөнөөк уйга теңир мүйүз бербеген»;
Муралиев Амангелди
(1999-2000), «Бирөө башың үчүн дос, бирөө ашың үчүн дос»,
Бакиев Курманбек
(2001-02), «Таз тарангыча той тараптыр, дагы бир таз таздын ордун ээлегиче, кызматсыз калыптыр»;
Танаев Николай
(2002-2005) «Маймыл да бактан кулайт»; «Бош ооз болбогон сөздү сүйлөйт».
Кадырбеков Ишенбай
(2005), «Айдаганы беш эчки ышкырыгы таш жарат»;
Кулов Феликс
(2005-2007), «Бучук министрлерге маңкадан өкмөт башчы»;
Исабеков Азим
(29.01-29.03.2007), «Бечелге жөтөлдүн кереги не?»;
Атамбаев Алмазбек
(29.03.-24.12.2007, 2010- 2011), «Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн»;
Жапаров Акылбек
(2007), «Кумурсканы такалайт»;
Айдаралиев Искендербек
(2007), «Колтугуна жумуртка бышырган»;
Чудинов Игор
(24.12.2007-2009-август), «Зордоп ачкан гүлдүн жыты жок»;
Үсөнов Данияр
(2009-август- 7.04.2010), «Өзү жыгылган бала ыйлабайт»
Отунбаева Роза
(2010), «Бака баштуу эркектен, алтын баштуу аял артык»,
Бабанов Ѳмүрбек
(2011-12), «Акчаң болсо калтаңда, ойноп-күлүп талтаңда»;
Сатыбалдиев Жантѳрѳ
(2012-2014), «Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын»;
Оторбаев Жоомарт
(2014-2015), «Бош араба катуу калдырайт»;
Сариев Темир
( 2015-2016), «Түлкү капканга түшмөйүн алдаганы алдаган».
Жээнбеков Сооронбай
(2016-2017); «Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң»;
Исаков Сапар
(2017-2018); «Алма дарагынан алыс түшпөйт»;
Абылгазиев Мухамедкалый
(2018-жылдан), «Арык эчки тоюнса, асканы сүзгүлөйт».
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»