www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан бир жума мурун Мамлекеттик катоо кызматынын мурунку төрайымы Алина Шаикованын Кыргызстандан качып кеткенин ишенимдүү булактарга таянуу менен жазып чыкканбыз.

УКМК болсо Шаикова 5-августка чейин суракка келбесе, издөө жарыялар турганын эки-үч кун мурун билдирген.

Кыскасы, Шаикова шапар тээп, Шадиевдин, Табалдиевдин ыкмасы менен эчак зуу койгондон кийин издеп, сыйпалап таппай калмай, «өнөрүн» көрсөтүп олтурат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрайымы ушул жылдын апрель айында тендер ызы-чуусу менен кызматтан алынганы маалым. Тендер чыры менен кылмыш иши козголгон .

Себеби, ортодо жүздөгөн миллиондор сол чөнтөккө солонуп кеткени айтылган. Бул кылмыш ишинде Шаикованын өзгөчө орду бар экени белгиленген.

Эске сала кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге чет өлкөлүк беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мулбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тендер чыры боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерде «Гарсу Пасаулис» утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган. Мунун негизинде Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишка-насынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Ал эми мекеменин төрайымы Алина Шаикова кызматтан алынган. Сарыбаев менен Абдуллаев үй камагында отурат. Бул чатакта УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон эле, - дейт Багыт.kg гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости