www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окуучулар мектепте бет кап тагынып жүрүшү керекпи?

Кыргызстанда окуучулар коронавирус пандемиясынан улам сабакта бет кап тагынып отурууга милдеттендирилбейт. Бул тууралуу Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын алдыңкы адиси Айнура Кусеинова КТРКнын эфириндеги маегинде билдирди.

Анын айтымында, мектепте маска тагынып жүрүү сунушталганы менен милдеттүү эреже катары эсептелбейт.

"Эгер буга чейин бет кап тагынуу милдеттүү болсо, эми сунуштама катары гана каралат. Себеби узак убакыт бою маска тагынып жүрүү балдарга оор. Балдар вирусту алып жүрүүчүлөр болгондуктан мугалимдер эмделүүдө. Мындан улам балдар менен мугалимдерге чоң коркунуч жаралбайт деп эсептейм", — деди адис.

Ошондой эле ал мында ата-энелердин дагы жоопкерчилиги чоң экенин белгилеген. Кусеинова эгер ата-эне бала өзүн начар сезип жатканын байкаса мектепке жибербеши керектигин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости