www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
25-январда 9:55тер чамасында Сокулук райондук милициясына аймактык ооруканада эки дарыгер мушташып, бирөө экинчисине дене жаракатын келтиргендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 65-берене (ур-токмокко алуу) боюнча кылмыш иши козголду. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында дарыгерлер иштеген ооруканадагы бардык адамдар суралган.
Бул ишке байланыштуу керектүү бардык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Эскерте кетсек, жогорудагы окуяга чейин Жаңы-Жер айылдык ооруканасында дагы чыр-чатак чыккандыгы жөнүндө маалымат тараган.
Булак:NazarNews.kg