www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун бир топ эле жаңылыштыктары тууралуу акыркы кездерди сөз болуп, аны азыр мектеп жашындагы балдар деле сөз кылып калганы жашыруун эмес. Германиянын Майне дарыясынын жээгиндеги Франкфурт на Майне шаарынын аталышын Франкфурт жана Майане деп окуп күлкү болгонун жакшы билебиз. Төраганын ал төл сөзүн, жанында олтурган вице-спикер Мирлан Бакиров дагы жаңылышып окуп күлкүгө калды.

Сыныктан башкасынан баары жугуштуу эмеспи. ЖКнын ичинде бир киши жаңылсын, бирок бир сөз менен болгондо да эки килтейген башчынын жаңылып олтурушу, чындап эле эзелки элдин айтканына дал келет. ЖКнын комитет жыйынында Вице-спикер Мирлан Бакиров мыйзам долбоорун окуп жатып, Франкфурт-на-Майне шаарын "Франкфурт жана Майне" деп жаңылып окуп алган. Ал тууралуу чыгарылган видеодон анын кесиптештеринин күлүп жатканын көрүүгө болот.

Уят эле го. Анысын актайм дедиби же күлкүчүлөргө каарын көрсөтөйүн деп ойлодубу, ал учурдан кийинки күндөрү эле жашоо жакпагандарды, нааразы болгондорду, ашкере сынчыларды Памирге барып келүүгө чакырып бир опурулду. Өзү барып келген эмеспи. Кеп жашоону салыштырып жашап, тобо кылгыла дегендегиси. Жакшы тилеги болсо, элди ойлосо Германия дарыя жээгиндеги Франкфурт на Майне шаарын эмнеге мисал кылып, ошол жакты көрүп келгиле дебейт десеңер?

Булак: “Факты.kg”

 

Последние новости