www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оозу Алла дейт, алкымы пара дейт

Адылсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр дегендей, Алланы оозунан түшүрбөгөн шылуундар көбөйдү. Оозун ачса Кудайды кеп кылат, кылган ишин көрсөң жийиркеничтүү. Динди, Кудайды чүмбөт катары жеке кызыкчылынына пайдаланган аферисттер мамлекеттик деңгээлдеги ири долбоорлорго чейин аралашып кетишти. 

Мына буга мисал катары, Асман шаарын курууга инвестор тартып жатам деп, Алланы оозунан түшүрбөй күпүлдөп жаткан Төлөнбай Нурбаев деген шылуун, чет элдик ишкерлерден 200 миң доллар пара талап кылып кармалып, баарын эңги-деңги кылды. 

Негизи, бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз дегендей, Нурбаев калпты-чынды койгулаштырып, Аллалап жатканында эле күмөн бар болчу. 

Арийне, бул алкымы, напсиси жаман Төлөнбай Нурбаев жеке керт башына эле зыян келтирбестен, өлкөнүн инвестициялык климатына дагы доо кетирип, президенттин беделине көө сүрттү. Андыктан, мыйзам чегинде тиешелүү жазасын алышы зарыл. Антпесе инвесторлор Кыргызстанга ишенип келиши мүмкүн эмес. Бул аферист мамлекеттин аброюна чоң сокку урду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости