www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык депутаттын жоругунан улам, Тбилисиде миңдеген каршылык акциясына чыгышты. Полиция аларга карата көздөн жаш агызган газ жана желим ок колдонушкан. 20-июнда түнү парламенттин алдына чогулган демонстранттардын 70ге чукулу жарат алып, 39ун полиция кармап кетти.

Маалыматка ылайык, орусиялык депутат Сергей Гаврилов Тбилисиге  Православия боюнча парламенттер аралык ассамблеяга төрагалык кылуу үчүн барып, грузин спикеринин креслосуна отурганы демонстрациянын себеби болду.

Нааразы болгон грузиндер, орус депутатынын бул кылыгын Грузияны сыйлабоо катары сыпатташууда. Тыныгуудан кийин да, спикердин креслосуна отурайын дегенде, депутаттар жолтоо болуп: “мамлекеттик институттарды шылдыңдоого жол берилбейт” – деп айтышкан.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости