www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев президент болуп турганда өз даңазасын чыгаруу үчүн чоң аракет кылды. Анан тойбой кетти окшойт, ата-тегин даңазалай баштады. “Жарма” тарыхчы молдо “Касымды” чакырып жатпайбы Беш-Күңгөйдөгү дачасына, менин “Ата-тегимди” таап бер деп. Молдо “Касым” Атамбаевди чакырганда жетип барды. Атамбаевди көргөндө бортоктоп барып эле сулк жыгылыптыр.

Атамбаевдин жансакчысы кийин ИИМ министри болгон Улан Исраилов бетине суу чачса, эсине келип “Улуу урматтуу падышам” деп кайрадан эсинен кетет. Кайра эсине келгенде Атамбаев: “Эй дурак, эмне эле болуп атасың, мен сени ата-тегимди таап бер жатпаймбы?” – дейт. “Мен дуракмын. Менин жети атам “дурак”, улуу урматтуум, сиздин аталар Алымбек датканы жигит кылып алган кыргыздардын эң баатырлары” –дейт. “ Эй, Молдо “Касым” жанагы тарыхчылар Тынчтыкбек Чоротегин менен Табылды Акеров айттырсам келбей жатышат”. Түшүндүрө кетели, Чоротегин аттуу тарыхчы кыргыздын Энесайдан келгенин далилдеп тарыхка чоң жаңылыктарды кийирди.

Табылды Акеров Алматыда өткөн бүткүл түрк элинин жыйынында кыргыздардын тарыхын бекемдеп окумуштуулардын оозун ачырган. Ага чейин кыргыздар Орусиянын кулу болуп келген, мурун кыргыздар кул деп келгендер тарыхы бар экен дешип кыргыздын байыркы эл экенине ишеним сезип калган. Анан Атамбаев бул тарыхчыларга кызыгат, бирок алар илгери араба менен бир топ сарттарды кыргызга алып келгенин билишет да, ата-тегин билбеген Атамбаевге барбай коюшат. Молдо “Касым”алардан көчүрүп жан сактоочу жетип барып өң алеттен кетип архивден таптым деп Сарбагышты Атамбаевге жабыштырат. Молдо “Касымга”  маалымат жагынан жардам берип жүргөн Чекиров Кубат деген кубаттуу журналист бар, ал анын жазгандарын көз салчу, же “Би Би Си” бир жакка жибергенби, же “Кут билим” менен алаксып калганбы мындай калпыстыкка жол берип жиберет.

Сарбагыш деген аталары бар деп Молдо “Касым” элге ишендирет, ошол эле жерде Атамбаевдин аталарын санап келатып Сарбагыш деген атасын унутуп койот. Молдо “Касым” чыныгы тарыхчы болсо кыргыздын тарыхын жазмак. Атамбаевдин тарыхын жазып эл арасына кошулган Молдо “Касым” бети кызарбай “Мурас” фондун жетектегени аз келгенсип, бүгүн Абылкасымовдун ата-тегин издеп жатыптыр. Кыргыз санжырасында “моңолдор” уруусу Наалы эжеге барып бүтөт. Аялдан тараган бирден-бир уруу, депутат Каныбек Иманалиев Наалы эжени сойку деп жибергени бар.  

Каныбек мырзаны уругу Калмакы болсо керек балким кыргызды жамандагысы келгендир, Наалы эже сойку болсо тарыхта калмак беле? Наалы эже сойкусу жок эле кыргыздын кызы, бирок күйөөсү ким экенин ким билет, же асмандан периште келип төрөтүп кеткенби? Ал эми Молдо “Касымдын” “ тарыхий иликтөөлөрүнө” караганда “ улуу урматтуу” Абылгазиевдин Наалы эжеси Чыңгызхандын тукуму Чагатайдан тараптыр, ой тобо, ишенели...   

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости