www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Соцфондунун башчысынын орун басары жашы өтүп калган аялдан акча алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекет кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, Р.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал, Сузак райондук Социалдык фонддун үлкөн кызматкери пенсияга чыгаруу үчүн акча талап кылып жатканын айткан.

Жарандын арызын КРнын ККнин кылмыштарды каттоо бирдиктүү реестерине 326 – берене “Пара алуу” менен катталган.

Соттук териштирүүдө Соцфонддун орун басары аялдан  документтерин пенсияга өткөрүп берүү үчүн 22 миң сом талап кылган. Ал 13 миңин мурда алып койгон. 19-июнда өз кабинетинен 10 миң сом пара алып жаткан жеринен орун басар кармалган. Учурда кармалган кызматкер Убактылуу кармоочу жайда, сотко чейинки өндүрүш иштери  башталган. Бүгүн анын баш коргоо чарасы каралат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости