www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 21-июнда, саат 21:05 Акыйкатчы аппаратынын алдындагы “115 шыр байланыш” кызматына Батыш автобекетинен Бишкек-Ош-Бишкек жолунда жүргүнчү ташыган айдоочулар телефон чалып, аларга 7 жана 11 жаштагы жашы жете элек эки өспүрүм кыздар келип, Ошто жашаган атасына жеткирип коюсун суранып жатышканын айтып чалышкан. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын басма сөз катчысы Эльмира Мадиева билдирди.


Малыматка ылайык, Телефон чалуу болор замат, саат 21:15 Акыйкатчынын орун басары, Балдар Омбудсменин милдетин аткарып жаткан Гульнара Жамгырчиева Батыш автобекетине чыкты. Ал жерден “”115 шыр байланыш” кызматына чалган айдоочулар жана кыздардын өздөрү менен жолукту. Г. Жамгырчиева кыздар менен сүйлөшүүдө, апасы каза болуп калгандыктан, Бишкекте эжесинин (атасынын биртууганы) менен жашаарын, атасы Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жашаарын тактады. 11 жаштагы кыз ыйлап, кайра эжесине кайтарып бербөөнү суранган, айтымында эжеси аларды колуна эмне тийсе ошону менен чаап, балдар үйүнө өткөрөм деп дайыма коркутат. 


Айдоочулар “115 шыр байланыш” кызматынан тышкары милицияга, Жашы жете элек өспүрүмдөр инспекциясына чалышкан. Маалымат Бишкек ш. мэриясынын алдындагы Жаштар жана балдар реабилитациялык борборуна да жеткен. КР мыйзамдарына ылайык, Акыйкатчынын орун басары Акт түзүп, саат 23:30 кыздарды Жаштар жана балдар реабилитациялык борборунун кызматкери Айганыш Ибрагимовага өткөрүп берген. 


Ошол күнү Г. Жамгырчиева кыздардын атасына телефон чалса, атасы телефонуна жооп берген эмес. Буга байланыштуу Акыйкатчынын орун басары Акыйкатчынын Ош шаары жана Ош облусунун өкүлү Ш. Касымовго атасын издеп таап, кыздары менен байланыштыруу тапшырмасын берди. 
Кыздардын укугунун жана коопсуздугунун сакталышы боюнча Акыйкатчы аппараты көзөмөл кылат.

Бүгүн, эртең менен Г. Жамгырчиева аталган борборго дагы барып кыздарга жолугуп келди. А азыркы учурда Акыйкатчынын Ош шаарындагы жана облусундагы өкүлү Ш. Касымов Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында кыздардын атасын табуу үчүн жолго чыкты.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости