www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согушка милдеттүү аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлер тартылганын моюнга алды. Бул тууралуу Министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенков билдирген.

Буга чейин орус расмийлери согуштук аракеттерге куралдуу күчтөргө келишимдик негизде келген аскер кызматкерлери гана катышып жатканын айтып келген.

Ал эми, Орусиянын президенти Владимир Путин 8-март күнү аялдарды майрамы менен куттуктап жатып, согушта жүргөн жоокерлердин энелерине кайрылуу жасаган. Кайрылууда "учурда аскердик кызмат өтөп жаткандар согушка жөнөтүлбөйт",- деп баса белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости