www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда

Орусияда "көрүнбөс омикрон" штаммы (stealth omicron) жайылып, өлкөнүн дээрлик бардык региондоруна жетти. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесиндеги илдеттерди аныктоо боюнча жаңы ыкмаларды издеген илимий топтун жетекчиси Камиль Хафизовго шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Дүйнөгө тарап кеткен "көрүнбөс омикрон" штаммы Орусиянын бардык региондорунда катталууда. Бирок ал жалпысынын коронавирустун кайрадан өсүп кетишине алып келбейт деген божомолдор бар", — деди адис.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги "көрүнбөс омикрон" штаммы тууралуу маалымат берген. Ага ылайык, “омикрондун” жаңы варианты мурда ооругандарга жугуп, жөнөкөй “омикронго” салыштырмалуу катуураак өтүүдө.

"Көрүнбөс омикрон" деп аталганынын себеби: аны ПЦР-тест жакшы аныктай албайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости