www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүн-өзү жарыялаган Донецк жана Луганск элдик республикаларында, Запорожье жана Херсон облустарында өткөн референдумдун жыйынтыгы бул аймактардын Орусияга кайтарылганын көрсөтүүдө. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев өзүнүн Telegram-каналына жазды.

«Референдумдар аяктады. Натыйжалар ачык-айкын. Мекенге, Орусияга кош келиңиздер!", - деди Медведев.

Орусия Федерациясына кошулуу боюнча референдумдар 23-сентябрда бир убакта төрт аймакта – ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарында башталды. Учурда бардык аймактарда добуш берүү аяктады, добуштар саналууда. Облустук шайлоо комиссияларынын маалыматы боюнча, добуш бергендердин көпчүлүгү бул аймактарды Орусия Федерациясынын субъектилерине киргизүүнү колдошкон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости