www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2020-жылдын 20-январында Ош шаардык ички иштер башкармалыгында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 2019-жылдагы башкармалыктын бөлүмдөрү менен кызматтарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарышты. Бул тууралуу Ош ШИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага  Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору С.Өмүрзаков катышты.

Жыйында негизинен 3 маселе каралды: Ош ШИИБнын жыл мыктыларын сыйлоо, Башкармалыктын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү жана 2020-аткарылуучу иш-чараларды талкуулоо.

Биринчи маселе боюнча Ош ШИИБнын атайын буйругу окулуп, өз кесибинин мыктылары атайын лента, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. 

Экинчи маселе боюнча башкармалыктын башчысынын орун басарлары, бөлүм башчылары атайын доклад менен чыгышып, жетишкендиктерге жана кемчиликтерге токтолушту.

Жыйында министрдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков  ар бир сөзгө чыккан жетекчилерден аткарган иштери тууралуу сурап, кетирилип жаткан кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмаларды берди. Өзгөчө уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен күрөштү тынымсыз алып барып, алардын коомдук коопсуздука терс таасири тууралуу эскертти.  Ачылбай турган айрым оор, өзгөчө оор кылмыштардын ар бирине токтолуп, бул кылмыштарды ачуу боюнча аткарылып жаткан иштерге кызыкты. Кызматкерлерди ар убак өздөрүн таза иштөөгө чакырып, мезгилден артта калбай, жаңы технологияларды өздөштүрүп,   кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин колго алууну, акыркы мезгилдеги Ош шаарында катталган өзгөчө оор кылмыштарды  тез арада ачууну тапшырды.

Министрдин биринчи орун басары ошол эле мезгилде башкармалыктын жетишкендиктери тууралуу айтып өтүп, коомдук жайлардагы кылмыштардын азайгандыгына, катталган кылмыштарды ачуудагы алдыңкы катарда келе жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди.  Келе жаткан жаңы жылда дагы саясый иш-чаралардын көптүгүн эске алып, кызматкерлерге ар убак мыйзам чегинде, милдеттери менен укуктарынын алкагында кызмат өтөөнү эскертти. 

Жыл башынан айлык көбөйгөндүгүн, өлкө жетекчилиги милиция кызматкерлерин ар тараптуу колдоп келе жаткандыгына токтолуп өттү. Жакында Ош ШИИБнын кызматкерлерине дагы жаңыдан курулуп келе жаткан көп кабаттуу үйдөн батирлер бериле тургандыгын  дагы белгиледи.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги М.Боронов Ош шаарынын аймагында быйылкы жылы кошумча эки милициянын шаардык бөлүмчөсү ачылгандыгын, бул 50-60 миң калкты тейлөө жакшыргандыгын айтып, буюрса, Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн жаңы имаратын куруу каралып жаткандыгын айтып өттү.

Үчүнчү маселе боюнча  министрдин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков өз сунуштарын айтып, 2020-жылдагы  ички иштер органдарынын приоритеттүү багыттары тууралуу эскертти.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости