www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто ишкерге карата коркутуу болуп, жеген тамагына акы төлөбөгөн шаардык милициясынын кызматкери экени аныкталды. Мындан кийин коомчулукта бул тема катуу талкууга алынып, милицияга жаман сөз алып келди. Орто бизнес менен алектенгендердин катары өсүп, аларды ар тараптуу колдоо зарылдыгы тынбай айтылганы менен иш жүзүндө андай болбой жаткандыгы Оштогу окуя дагы бир ирээт далилденип отурат.
Ош шаарынын тургуну Жасур Парпиев кичи ишкердик менен алектене баштаганына эми эле 1 айдан жүзү болгон экен. Ал коомдук тамактануучу жай иштетип жаткан. Анын айтымында, милиция формасын кийген жаран алган тамагынын акчасын толук төлөгөн эмес. Акча берүүсүн талап кылганда: “Сени менен кийин сүйлөшөм”,-деп коркута баштады дейт. Аталган иш тууралуу Ош шаарынын мэри да кабардар болгон. Ишкердин коркутууга кабылганы тууралуу Ош шаардык ИИБга кызматтык иликтөө жүргүзүүгө тапшырма берген.
Аны менен катар Оштогу ишкерлердин укуктук мыйзамы бузулуган болсо, коркутуулар орун алса, аларды жергиликтүү бийлик жана тиешелүү тараптар коргоого ала тургандыгын мэриянын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров айтат. Ал эми коркутууга алды деген Ош шаарынын ИИБсынын 10-бөлүмүнүн кызматкери экендиги бат эле ачыкка чыкты. Учурда акысыз тамак жеген кызматкерге карата ички иликтүү иши жүргүзүлө баштады.
Булар тууралуу шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет ишкерлерди колдоп ала тургандыгын бир нече ирээт айткан. Аларга шарт түзүү бизнесин жандандыруу максатында үстүбүздөгү жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп белгилеген.
Булак: “Майдан. kg”