www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өзгөчө” балдарга Жаңы Жылга белек

Бостери айыл Ѳкмѳтүнүн аймагындагы академик Аман Мамытов атындагы мектеп –гимназиясында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн коррекциялык класстардын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Бул коррекциялык класстар Швейцария Ѳкмѳтү каржылаган, Хельветас жана Ѳнүктүрүү Саясат Институту менен биргеликте иш алып барган «Жергиликтүү денгээлдеги кызматтарды жакшыртуу» долбоорунун алкагында гранттык каражаттан каржыланды

Бостери айыл Ѳкмѳтү 2015- жылы бул Долбоорго пилоттук айыл Ѳкмѳтү болуп кирген. Долбоорду ишке ашырыш үчүн айыл ѳкмѳтү долбоордун координатору кылып Токтобаева Роза Токтомамбетовнаны дайындаган. Долбоордун областык координатору Джаманкулова Зулайка менен бирге жергиликтүү калк менен бир нече иш чараларды ѳткѳрушкөн.Иш чараларды ѳткѳрүү убагында бир нече кѳйгѳйлѳр белгиленген. Ал кѳйгѳйдүн арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуу кѳйгѳйү негизги маселе болуп кѳрсѳтүлгѳн.

Айыл аймагынын кеңейтилген чогулушунда бул кѳйгѳйдү негизги маселе катары тандап алуу чечими кабыл алынган жана аны чечүү үчүн иш-аракеттер алып барылган. Айылдык Кеңештин депутаттарынан , айыл Ѳкмѳттүн кызматкерлеринен, майып балдардын ата-энелеринен, мектептин мугалимдеринен жумушчу топ түзүлүп, Кызматты жакшыртуу Аракет Планы иштелип чыккан. (КЖАП).

Координатор жумушчу топтун жардамы менен Долбоор жазып, айыл Ѳкмѳтү гранттык конкурска катышып, 2 000 000 (эки миллион) сом грант утуп алган. Айыл Ѳкмѳтү кошумча каржылоого 200 000 (эки жуз мин) сом жергиликтүү бюджеттен бѳлүп берген.

Бул Долбоор Ысык-Кѳл районундагы эн маанилүү, алгачкы долбоор болуп эсептелинет, себеби ал мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кызмат кѳрсѳтүүнү жакшыртууга багытталган жана анын туруктуулугун камсыздайт. Коррекциялык 1классынын (10 окуучу) логопед мугалими Г.А. Кѳккѳзовага эмгек акы тѳлѳѳ маселеси Ысык-Кѳл райондук билим берүү бѳлүмү аркылуу чечилген жана ал квалификациясын жогорлатуу үчүн треннинг-семинарларга жиберилген. Коррекциялык класстардын коммуналдык тѳлѳмдѳрүн жергиликтүү бюджеттен тѳлѳп берүү жагы каралган. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жакшы шарттар түзүлдү, кѳрсѳтүлгѳн кызматтын сапаттуулугун кѳзѳмѳлдѳѳгѳ мониторинг жана баалоо үчүн атайын топ түзүлгѳн.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости