www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемиядан кийин кайсы чөйрөдө айлык акы жогорулай тургандыгын Россиянын Плеханов атындагы экономика университетинин адам капиталын өнүктүрүү боюнча доценти Людмила Иванова-Швец "Прайм" агенттигине айтып берген.

Анын айтымында, эмгек рыногунда көптөгөн адистерге суроо-талап, эмгек акынын өлчөмү жана эмгекти уюштуруунун деңгээли өзгөрөт.

"Азыр вирус күчөп турган шартта жумушчуларга суроо-талап көп болуп, киреше өсүп жатат деп фармацевтика, чекене соода жана онлайн кызматтар тармагын айтсак болот. Бирок эртеби-кечпи пандемия кетет. Бул кызматтарды эл мурдагыдан аз пайдаланып калгандыктан аларда эмгек акы жогорулабайт. Мындан онлайн кызматтын айрым түрлөрүнөн баар тапкандардын каражаты азайбайт деп ойлойм", — деген эксперт.

Эксперт белгилегендей, эмгек акынын өсүшү монополисттик компанияларда, атаандаштык аз, маселен, энергетика менен байланышкан тармактарда байкалат. Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап жогору болгон жерлерде эмгек акынын өсүшүн болжолдоого болот. Ошондой эле мамлекеттик жана жеке менчик клиникаларда кызматтарга суроо-талап өсөт.

"IT тармагында өсүштү күтүүгө болот. Анткени пандемияда көптөгөн компаниялар кызматкерлерин онлайн режимде иштеткендиктен бул ыкма дагы натыйжалуу экендигине тыянак чыгарышат. Буга байланыштуу алар IT-компаниялардын кызматтарын үзгүлтүксүз колдонууга туура келет. Айыл чарба тармагы өзгөрүүсүз калат же айлык акы бир аз жогорулашы мүмкүн. Азык-түлүк товарларына суроо-талап азайбайт", — деген эксперт.

Ошондой эле ал карантинге байланыштуу эң көп зыян тарткан тармактарда (туризм, мейманкана, ресторан бизнеси, транспорт) келечекте эмгек акынын өсүшү күтүлбөйт. Бул компаниялар бир топ убакытка чейин финансылык абалын чыңдай албай турганы кошумчаланды.

Серепчи адаттан тыш чечимдерди кабыл алган, аз убакытта өзгөрө алган жана жаңылануудан коркпогон кызматкерлер жумушун алып кете аларын баса белгиледи.

Булак: NazarNews. org

Последние новости