www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алды

Бүгүн, 3-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында бир катар мыйзам жана токтом долбоорлору кабыл алынды.

Биринчи окууда:

- «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору;

- «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору;

- «2019-жылдын 19-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин тамеки продукциясына акциз тармагында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору;

Үчүнчү окууда:

- «2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору;

- «Москва шаарында 2021-жылдын 25-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору;

- «Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Кыргыз Ресубликасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору.

Мыйзамдын макулдашылган варианты:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4889-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан «Электрондук соода жөнүндө» мыйзамдын макулдашылган варианты.

Жогорку Кеңештин токтомдору:

- «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы №4629-VI токтому менен түзүлгөн бактылуу депутаттык комиссиясынын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

- «Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоор;

- «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости